Жетинин айы 03, 2025
Убакыт: 07:34
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.075
1.110

Дарыканадан акча талап кылган УКМКнын жалган кызматкери кармалды

26.01.2022 10:30
1011
Дарыканадан акча талап кылган УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Бишкекте акча талап кылып жүргөн УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 24-январь күнү Бишкек шаарындагы Чүй-Гоголь көчөсүндө жайгашкан дарыканадан өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган жаран акча талап кылган.


Дарыкана ээси Милициянын кайгуул кызматына аталган иш боюнча кайрылган. Милиция кызматкерлери ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 1987-жылы туулган Дж.А. атуу жаранды кармаган. Анын жанында УКМКнын жасалма күбөлүгү табылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн