Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Дастан Бекешев, ЖК депутаты: “Чиновниктердин байлыгы – коррупция. Аны көзөмөлдөгөн орган жок”

30.01.2023 19:50
2442
Дастан Бекешев, ЖК депутаты: “Чиновниктердин байлыгы – коррупция. Аны көзөмөлдөгөн орган жок”


- Дастан Далабаевич, аткаминерлердин коррупциялык жүрүм-турумун көзөмөлдөө зарылдыгын айттыңыз. Бул үчүн декларациялоо деген механизм бар эмеспи?


- Муну сөзсүз караш керек. Чындыгында чиновниктер кымбат сааттарды тагынып, баалуу кийимдерди кийип, жолтандабастарды минип жүрүшөт. Декларациясын карасаң, андай кирешеси, чыгашасы да жок. “Бул меники эмес” деп коюшат. Бирөө бирөөгө өз буюмун жөн эле берип койбойт да. Мисалы, мага эң жакын досторум деле кымбат машинасын жөн эле бербейт. Берсе дагы, “мейли, көлгө барып кел, тоого чыгып кел” деп бир-эки күнгө гана бериши мүмкүн. Ал эми күн сайын айдаганга эч ким бербейт. Ошондуктан, мен ойлойм, бул – коррупция. Тилекке каршы, аны көзөмөлдөгөн орган жок. Бирок, андай орган түзүлүп калса, анын терс жагы да бар. Чоң кишилерге тийишпейт, ал эми кичинекей кишилерди баса калышы мүмкүн.


- Чиновник, мисалы, депутат “менин буга чейин бизнесим бар эле, байлыкты ошол кезде жыйнагам” десечи?


- Декларациясында көрсөтсө, мейли. Бизнесин көрсөтүшү керек да. Депутаттардын арасында көп эле долларлык миллионерлер жүрбөйбү. Бирок, алардын акчаны кайдан тапканы белгилүү. Ошол эле учурда кээ бир депутаттар бар, алардын анчалык деле чоң бизнеси жок, бирок жашаган жерин, минген машинасын, кийген кийимин карасаң таңгаласың. Кеп мына ошолор тууралуу болуп жатат.


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн