Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дастан Жумабеков Ирандын элчиси Саид Харазини кабыл алды

10.03.2020 17:21
753
Дастан Жумабеков Ирандын элчиси Саид Харазини кабыл алды


Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харазини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу багытында баарлашып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча ой бөлүштү.


Ирандын айыл чарба тармагында, чакан жана орто ГЭСтерди куруу багытында тажрыйбасы чоң экенин айткан төрага Кыргызстан бул жаатта инвестиция тартууга кызыкдар экендигин кошумчалады.


Саид Харази: “Биздин өлкө Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан менен болгон бардык багыттагы кызматташтыкты ар убак кеңейтүүгө кызыкдар", - деди.


Мындан тышкары, Жумабеков Иранды каптаган коронавирус илдетинен каза болгондорго көңүл айтуу менен вируска чалдыккандардын тез арада сакайып кетишин тиледи. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн