Кечээ, 18-июлда депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Бука айыл аймагына караштуу Достук айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан бир катар маселелер айтылган:
- Паспорт столдун имаратын оңдоп-түзөө;
- Аткорма айылына балдар ойнооочу аянтча куруу;
- Баймак постунун иштөө мөөнөтүн узартуу;
- Акурча участкасындагы арча турган жер жеке жакка берилип кеткен, ошол жердин мыйзамдуулугун карап, мүмкүн болсо ал жерге балдар аянтчасын куруу;
- Акурча участкасында 2017-жылдан бери суу чыкпайт, арык аркылуу да келген суу жок, жарыктандыруу да боло электиги айтылды;
- Бөкөмбаев орто мектебинин эмеректерин жана от казанды жаңылоо.
Мындан сырткары жергиликтүү тургундар жеке кат түрүндө да кайрылышкан.
Депутат Азизбек Турсунбаев бардык айтылган маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткизип, оң жагынан чечилүүсүнө аракет көрүлөрүн айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн