Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Депутат электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшү боюнча кеңири маалымат берүүнү суранды

23.04.2024 12:34
126
Депутат электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшү боюнча кеңири маалымат берүүнү суранды


Бүгүн, 2024-жылдын 23-апрелинде депутат Исхак Масалиев Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында энергетика министрлигинен электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшү боюнча депутаттарга түшүндүрмө берүүнү суранды.


Анын айтымында, тарифтердин көтөрүлүшү боюнча көптөгөн түшүнбөстүктөр болуп жатат.


«Тариф кимге, канчага көтөрүлөөрү белгисиз... чектөөчүлөр үчүн баа өзгөрбөйт дешти, эми кошумча нарк салыгы менен кошо 12 тыйынга көтөрүлөт деп жатышат», - деди ал.


Депутатка энергетика министри Таалайбек Ибраевдин келбей калгандыгына байланыштуу бул маселе кийинки жыйында карала турганы айтылды.


Ушул тапта “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.


Эске салсак, Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу 2024-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандын бардык керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясына болгон тарифтер өзгөрөрүн билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн