Бугу 05, 2024
Убакыт: 15:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Добуш берүүдө колдонулган маркердин сыясын өчүрүп койсо болобу? БШКнын жообу

24.09.2020 11:29
2015
Добуш берүүдө колдонулган маркердин сыясын өчүрүп койсо болобу? БШКнын жообу


Шайлоодогу бюллетендерди толтурууда колдонулуучу сыя жоголуп кетет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты. 


Маалыматка караганда, социалдык тармактарда шайлоочуларды адаштырган маалыматтар тарап жатат. Видеороликте эркек киши калем менен кагазга текшерүү белгисин коюп, андан кийин кагаз бетине от күйгүзүп, сыянын оңой өчүп калганын көргөзгөн. Ошол эле учурда, видеоматериалга үн коштолуп, шайлоо күнү шайлоо участкаларында бюллетендерге ушундай сыя менен  кол коюла тургандыгы айтылып жана шайлоочуларды өз калемдерин колдонууга үндөйт.


"Кадимки шарик калемдери автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) сканеринде из калтырышы мүмкүн, бул болсо урнанын сканеринин бузулушуна алып барат. Ушуга байланыштуу, шайлоо участкаларында сканердин окуу бөлүгүн булгабаган капиллярдык калемдер колдонулат, кагаз бетине отту жакындатканда сыя өчпөйт.


Мындан тышкары, шайлоочунун бюллетендеги койгон белгисин өчүрүү үчүн отту колдонуу мүмкүн эмес, анткени шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Добуш берүү учурунда жана добуштарды эсептөө учурунда саясий партиялардын байкоочулары жана коммерциялык эмес уюмдардан дайындалган коомдук байкоочулар катышат. Демек, аудио жана видеороликтерде шайлоо участкасында добуш берүү учурунда колдонулган атайын маркердин сыясы оттун жардамы менен өчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматов.



Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Илияз
Ысытуу менен өчүрүлөт. Ютубда видеолор кеңири таркаган.