“Дордой” базарында иштеген ишкер айымдар 29 кислороддук концентратор алып берди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, Өкмөт тарабынан Кытайдан алынып келинген 500 кычкылтектүү концентраторлор да бөлүштүрүлүп башталды.
“Аселя Атабекова баш болгон кыргыздын патриот айымдары акча топтоп, 29 кислороддук концентратор алып келди. Анын 13ү Ошко берилди. Он алтысын ишемби күнү түнү Гансиге тапшырып кайттык. Учурдан пайдаланып аларга ыразычылык билдирем”, - деди Каратаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн