Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 миллион берет. Анын жарымы грант

25.05.2021 09:58
2600
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 миллион берет. Анын жарымы грант

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 миллион доллар берет. Бул тууралуу Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди.




Анын айтымында, бул акча аймактарды өнүктүрүүгө, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоого жана COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө жумшалат.

Анын тең жарымы грант катары бөлүнөт. Калганы 38 жылга 0,75% менен насыя катары берилет.


12-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө 20 миллион доллар берерин билдирген. Министр бул акчага “Кытайдын "SinoPharm" вакцинасын сатып алабыз” деп билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн