Теке 13, 2025
Убакыт: 14:20
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.100
1.135

Дүйшөнбек Зилалиев абактан бошотулду

17.01.2022 11:42
838
Дүйшөнбек Зилалиев абактан бошотулду

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камактан бошотулду.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 6-декабрындагы чечими менен айыпталуучу Д.Т. Зилалиевге карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо жөнүндө тил катына өзгөртүлдү.


Эскерте кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевге карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда ("Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу") каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.


Ал эми 2021-жылдын жайында Дүйшөнбек Зилалиевдин иши Жогорку сот тарабынан райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн