Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Эгемендүүлүк күнүнө арналган кыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)

01.09.2022 09:01
2052
Эгемендүүлүк күнүнө арналган кыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)

Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-казак айтышында бир нече акынга Республикалык Айтыш фонду тарабынан 5 сыйлык тапшырылды.


 Алар: Казак акыны Биржан Байтуга Ашыралы Айталиев атындагы сыйлык жана 50 миң сом өлчөмүндө байге тапшырылды. Казак акыны Сырым Ауэзхан Эстебес Турсуналиев атындыгы сыйлыкка татыды, ошондой эле 50 миң сом байгеси да бар. Кыргыз акыны Чыңгызхан Кошошовго Тууганбай Абдиев атындагы сыйлык жана 50 миң сом байге берилди. Акматбек Султан уулуна Бексултан Жакиев атындагы сыйлык жана 50 миң сом байге тапшырылды.


 Элмирбек Иманалиев атындагы сыйлык Азамат Болгонбаевге ыйгарылды. XV кыргыз-казак айтышы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.


Иш-чара Кыргыз Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгы жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган. Айтыштын финалдык бөлүгүндө 8 кыргыз акыны, 8 казак акыны таймашты.


Жыйынтыгында баш байгеге Жеңишбек Жумакадыр менен казак акыны Айтпай Жумагулов ээ болду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн