Аяк оона 07, 2025
Убакыт: 04:59
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.072
1.100

Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтөт

23.07.2025 09:43
568
Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтөт


31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу өткөрүлөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.


Жунусалиевдин айтымында, быйыл президенттин кубогу 25-жолу өткөрүлүп, эң жогорку даражадагы мелдеш болот. Ошондой эле бул оюн март айындагы көк бөрү оюну учурунда болгон кырсыктан кийин, коопсуздук эрежелерин күчөтүү менен биринчи жолу уюштурулуп жатат.


Белгилей кетсек, 12-мартта Бишкектеги жаңы ат майданда Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү мелдешинин ачылышында улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. Буга байланыштуу оюн аягына чыкпай токтотулган эле.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн