Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Эки айда Кыргызстандын салыктык эмес кирешеси 5,2 млрд сомду түздү

20.03.2024 15:37
689
Эки айда Кыргызстандын салыктык эмес кирешеси 5,2 млрд сомду түздү


2024-жылдын 2 айына карата мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 5 млрд 295,8 млн сомго аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 айдын жыйынтыгы боюнча Финансылык кедиттик фонд тарабынан бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздарга бекитилген планы 135,6 млн сом өлчөмүндө белгиленип, иш жүзүндө аткарылуусу 327,7 млн сомду түздү. Бекитилген планынга карата 192,1 млн сомго көбөйгөн жана ошондой эле пайыздык көрсөткүч планга карата 241,7% ашык болду.

Мындан тышкары, унааларды каттоо жана кайра каттоо жыйымы боюнча план 249,4 млн сом деп бекитилип, ал эми аткарылышы 384,5 млн сомду түзгөн жана ошондой эле пайыздык көрсөткүч планга карата 154,2 % ашыгы менен аткарылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн