Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Экотехинспекиясынын 8 кызматкери пара алганы үчүн камакта отурат

09.03.2020 15:29
809
Экотехинспекиясынын 8 кызматкери пара алганы үчүн камакта отурат


Азыркы учурда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекиясында 52 бош кызмат орду бар. Бирок, кызматкерлер көп кетип жатканына байланыштуу келерки аптада алардын саны алтымыштан ашышы мүмкүн.


Мындай маалыматты инспекциянын башчысы Мырзабек Жапаркулов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде мекеменин 2020-жылга карата иш-планы жана тармактын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.


Депутат Алмасбек Акматов акыркы мезгилде Экотехинспекиясынын көптөгөн кызматкерлери пара менен кармалганын эске салып, мекеме жетекчилиги тарабынан бул багытта кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты. «Ушу тапта 6 кызматкер камакта отурат. Бүгүн Таласта дагы 2 кызматкер кармалды деген маалымат бар. Мунун баары деги качан тыйылат?», - деген собол салы эл өкүлү.


«Эмгек акылары өтө аз, айына 9-12 миң сомдон алышат, ошондон улам болсо керек, кызматтан бошонгондор көп», - деди М.Жапаркулов.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн