Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:05
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевдин камактагы мөөнөтү узартылды

18.04.2024 17:03
173
Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевдин камактагы мөөнөтү узартылды


Бишкектин Биринчи Май райондук соту салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин камактагы мөөнөтүн 19-июнга чейин узартты. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев кармалганын 22-февралда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, “Беш-Сары” компаниясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсеп жүргүзүп келгени аныкталган. Атайын кызмат мындан сырткары документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайда жасалма түрдө төмөндөтүлүп, салык органдарына жалган маалыматтар берилип турганын кабарлаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн