Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Экс-депутат: Велосипедчен жубайымды унаа сүзүп, айдоочусу качып кетти

04.08.2020 12:19
1030
Экс-депутат: Велосипедчен жубайымды унаа сүзүп, айдоочусу качып кетти


Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу велосипедчен жубайын унаа сүзүп, айдоочусу качып кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. 


Анын айтымында, окуя Курман айт күнү болгон. 


"2-августта, Курман айттын акыркы күнүндө Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде велосипед тээп бара жаткан жубайымды унаа сүзүп кетиптир. Сүзүп кеткени аз келгенсип, айдоочусу жардам бербей качыптыр!


«Айттын урматына, аман калганым үчүн да, ал айдоочуну кечирдим. Аны издетпеңиз - катуу коркконунан ал өзүң жоготуп, качып кеткендир» деп жубайым менин издөө иш-аракеттеримди токтотуп койду.


Жубайыма кыжаалат болгондорго сарсана болбогула, үйдө дарыланып жатат. Аман калганына Аллахыма чексиз мактоолорду жана шүгүр келтиремин!", - деп жазган ал. 


Ошондой эле, ал качып кеткен айдоочуга кайрылып: "Адамды сүзүп кеткенден кийин адамгерчиликтүүлүгүңдү жана жол эрежелерди билгениңди көрсөтү, жыгылган адамды тургузуп, ал-акыбалын сурап, медициналык жардам керек болсо бейтапканага жеткирип коюуга акылың да, ыйманың да жетпедиби?! Жубайымдын өтүнүчүнө баш ийип, сени Кудайга тапшырдым", - деп жазган. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн