Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран Бишкектен кармалды

07.02.2024 15:22
198
Эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран Бишкектен кармалды


Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, ИИМ КИББнин экинчи башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстанда Интерпол УБ менен биргеликте издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Аткарылган иш аракеттердин натыйжасында алдамчылык үчүн Интерпол эл аралык издөөдө жүргөн 1987-жылы туулган Ш.О. аттуу Түркиянын жараны ушул жылдын 30-январында Бишкек шаарынын аймагынан кармалган.

Алынган маалыматтар боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага 2021-жылы издөө жарыялаган.

Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери иштелип чыгууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн