Кулжа 16, 2025
Убакыт: 21:13
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Эл артисти, актёр Асанкул Осмонов 88 жашында дүйнө салды

27.03.2023 06:23
2641
Эл артисти, актёр Асанкул Осмонов 88 жашында дүйнө салды

2023-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актеру Асанкул Осмонов 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.


Асанкул Осмонов 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган.


1954-жылы Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөн.


1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз Республикасынын жалпы маданият күнүнүн декадасына катышкан.


1958-жылдан Кыргыз академиялык драма театрынын актёру болуп иштеп баштаган.

1990-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган.


Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-мартта Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 10:00дө өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн