Бугу 18, 2024
Убакыт: 01:52
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Эл үчүн күйүп-бышымыш болуп саясий кызыкчылыкты көздөп жер сабаганды бир аз токтотсок...

18.03.2020 12:51
1022
Эл үчүн күйүп-бышымыш болуп саясий кызыкчылыкты көздөп жер сабаганды бир аз токтотсок...


Эл үчүн күйүп-бышымыш болуп карандай эле саясий кызыкчылыкты көздөп жер сабап кокуйлап жаткандар өздөрүн бир аз токтотсо дурус болобу дейм... Башка башка болсо дагы бул кырдаал ойной турган учур эмес... Күйүмүш болуп элди козутууга аракет кылып, дүрбөлөңгө салуу натуура иш... Туура түшүнгүлө.


Бул аламааттан сыбырдуулук, биримдик, тартип жана уюшкандык гана алып чыга алат... Ар кандай акылдуу сунуштарды бере берүүгө болот, аны жасагыла, муну жасагыла деп талап кылса да болот, бирок мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн да эске алуу зарыл экенин унутпасак... Чамабыз чарк, казынабыз жука экенин баарыбыз эле билебиз... Эл аралык деңгээлде колдоо болбосо кыйын эле болот, аны деле көрүп турбайсыңарбы... Дүйнөнү титиретип турган АКШ деле тосуп кала алган жок, байлыгына чиренген Европа эмне болуп жатат... Бизге коңшу Кытайды баскан, Казакстан менен Өзбекстанды баскан, андан ары алыш-бериш, карым-катышыбыз кенен Орусияны баскан илдеттен биз жалгыз соо калабыз деген жомок да... Мүмкүн эмес эле Кыргызстанды толук тосмолоп алыш... Аны деле жакшы түшүнүп турасыңар...


Ар бирибиз өзүбүз үчүн жоопкерчиликтүү бололу мекендештер!


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн