Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:44
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Электр жарыгы боюнча жаңы тариф: Байлар аз камсыздардын катарына кошула калып, аз төлөп калышы мүмкүн

22.04.2021 16:56
1529
Электр жарыгы боюнча жаңы тариф: Байлар аз камсыздардын катарына кошула калып, аз төлөп калышы мүмкүн


Электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүш үчүн адегенде изилдөө керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Сабиров “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.


Ал белгилегендей, энергетикалык кризистен чыгуу үчүн өкмөт учурда тарифтин 2-3 вариантын сунуштап жатат. Бирок кандай болбосун, бул маселени туура ойлонуп, дыкат караштыруу менен чечүү зарыл.  


“Сунушталып жаткан баа саясатсы азырынча талкууга гана коюлуп жатат да. Калктын социалдык абалына жараша ар кандай баа болот дешүүдө. Бул ишке ашып кала турган болсо, кайра эле бай жашагандар аз камсыз үй-бүлөлөрдүн катарына кошула калып, ошолор аз төлөп калышы мүмкүн. Андыктан, кимдер акчалуу, кимдер аз камсыз, бул маселелердин баары алдын ала так изилдениши керек”, - дейт экс-депутат.


Эске салсак, президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүү сунушталып жатканын 21-апрелде жарыялаган. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керек деп эсептейт.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн