Тогуздун айы 31, 2025
Убакыт: 16:13
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.075
1.110

Эми кыргызстандыктар насыя алууга өзүнө-өзү тыюу сала алат

Эми кыргызстандыктар насыя алууга өзүнө-өзү тыюу сала алат


Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Tunduk тиркемесинен "Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу" жаңы кызматын көрсөтүп берди. Ал жарандарга алдамчылар тарабынан алынган насыядан коргонууга мүмкүндүк берет.


Жаңы курал жарандарга өз атына насыя алуу мүмкүнчүлүгүн өз алдынча чектөөгө мүмкүндүк берет, бул жеке маалыматтарды колдонуу менен жасалган алдамчылык учурларынын алдын алат.


Кантип өзүнө-өзү тыюу салат?

  1. Tunduk тиркемесине киресиз;
  2. "Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу" кызматын тандайсыз;
  3. Арыз берүүнү басасыз;
  4. Кредиттик бюрону тандайсыз;
  5. Аракетти ырастайсыз.


Коргоо ырасталгандан кийин дароо активдүү болот.


Өзүнө киргизилген чектөөнү кантип алып салууга болот?


Чектөөнү алып салуу үчүн ошол эле кызматка кирип, кредиттик бюрону тандап жана "Өз алдынча тыюуну алып салуу" баскычын басуу керек. Бул процесс 12 сааттан кийин автоматтык түрдө аткарылат.


Эгер колдонуучу ушул 12 сааттын ичинде оюнан кайтып калса, ал берилген арызды жокко чыгара алат, ошондо коргоо активдүү бойдон кала берет.


Белгилей кетсек, бул механизм Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, КР президенти тарабынан 2025-жылдын 30-июлунда кол коюлганын жана ушул жылдын 1-ноябрында күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн