Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:49
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Эмилбек Каптагаев шайлоо алдындагы дебаттарга катышпаган талапкерлерди шайлоодон четтетүүнү сунуштады

17.01.2023 08:38
6466
Эмилбек Каптагаев шайлоо алдындагы дебаттарга катышпаган талапкерлерди шайлоодон четтетүүнү сунуштады

ДЕБАТ деген түшүнүк биздин саясий турмушубуздун, айрыкча шайлоо өнөктүктөрүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калды. Орус тилинде жеке түрүндө ДЕБАТ деп айтылбайт, ДЕБАТЫ деп колдонулат. Бирок биз кыргызча  "ДЕБАТ БОЛОТ ЭКЕН... ДЕБАТКА КАТЫШАТ ЭКЕН..." - деп жеке эле түрүндө айтып кабыл алып алдык, ДЕБАТ - бул конкреттүү боло турганы, ал эми жалпы жонунан ДЕБАТТАР делип калды. 


Жогорку Кеңештин депутаттарын же Президенттик шайлоо болгондо кайрадан ДЕБАТ темасы козголот, кайрадан талаш-тартыш башталат...ким катышат, ким катышпайт, эмнеге катышпайт, эмнеге келбей койду деген беймаза суроолор айтылат... 


Өткөн шайлоолордо бул тема толук түрдө эрежеге салынбагандан кийин ар кандай болду, ким кааласа катышты, каалабагандар катышпай коюшту... Мыйзам түрүндө эреже такталбагандан кийин эч ким эч кимге кине койо албайт. 


Менин оюмча ДЕБАТТАР шайлоо өнөктүгүнүн  милдеттүү түрдө өткөрүлө турган шарты катары каралганы туура, бул шартты мыйзам түрүндө бекитүү зарыл: Боршайком жана аймактык шайлоо комиссиялары милдеттүү түрдө ДЕБАТТАРДЫ өткөрөт - деп. 


Ошондой эле талапкерлердин (партия же жеке талапкер) ДЕБАТТАРГА катышуусу да милдеттүү болуусу зарыл.  Дебатка жүйөлүү себеби жок келбей калган талапкер шайлоодон четтетилет деген жобону дагы мыйзамга киргизүү зарыл. 


ДЕБАТТАРДЫН  өтүү эрежеси, тартиби дагы так  болуусу зарыл. Биринчиден, Президенттик шайлоо болсо талапкерлер өздөрү жеке милдеттүү түрдө катышуусу керек. Экинчиден, партиялык тизме менен шайлоолордо Партиянын Лидерлеринин ДЕБАТЫ делсе анда тизмеге кирген же кирбегенине карабай Партиянын Лидери өзү жеке катышса, ал эми Шайлоо тизмесинин Лидерлеринин ДЕБАТЫ делсе анда тизмеде 1-номурда тургандар милдеттүү түрдө келсе.  Ушул сыяктуу эле башка жагдайларды да эрежеге салууга болот. 


Анткени ДЕБАТТАР эл үчүн, шайлоочулар үчүн жасалат,  ошол жердеги айтылган сөз, берилген суроо,  келтирилген жүйө, берилген жооп ар бир талапкерди мүнөздөйт, алардын жүзүн ачат. Ошондой эле, ДЕБАТТАР шайлоочулардын алдындагы талапкердин жоопкерчилигин жогорулатат, өлкөдө саясий маданияттын калыптануусуна, шайлоо өнөктүгүндөгү ачык-айкындыкты камсыз кылууга өбөлгө түзөт. 


Шайлоо оюндары алыс кезде депутаттар ушул маселеге көңүл бурушса дурус болобу дейм...


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн