Кулжа 20, 2025
Убакыт: 18:43
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.100
1.130

Энергетика министрлигине атайын техникалар тапшырылды

20.06.2025 13:25
29
Энергетика министрлигине атайын техникалар тапшырылды


Энергетика тармагына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.


Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев катышып, "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКка жаңы атайын техникалардын ачкычын тапшырды.


Жаңы 16 даана атайын техника 60 млн 920 миң сомго сатылып алынган, анын ичинде:


  • 8 даана эксковатор;
  • 8 даана автовышка.


Белгиленгендей, акыркы үч жылда энергетика тармагында өнүгүүгө карай бир топ өзгөрүүлөр, жаңылануулар орун алууда. Жанылануунун катарын жаңы атайын техника менен камсыздоо толуктайт. 


Электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, тармактын автопаркын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.


2025-жылдын башында өздүк каражаттардын эсебинен 54 даана техника алынган, анын жалпы суммасы 102 483 400 сомду түзгөн. 


Ошентип, 2025-жылы сатылып алынган техниканын жалпы саны 70 бирдикти, ал эми баасы 163 млн 403миң 400 сомду түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн