Бугу 03, 2025
Убакыт: 00:34
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

30.08.2024 21:22
249
Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет


31-август, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо күнү Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.


Төмөнкү көчөлөр жабылат:

— Чүй проспектиси Тоголока Молдо көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;

— Фрунзе көчөсү Тоголок Молдодон Эркиндик бульварына чейин;

— Ибраимова көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин. 


«Мындан тышкары, Орозбеков жана Раззакова көчөлөрүндө, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкеде убактылуу кыймылга чектөөлөр киргизилет. Чыңгыз Айтматов проспектиси – Манас проспектиси жана Байтик Баатыр – Абдрахманов көчөсү – кортеж өтүп баратканда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн