Жетинин айы 04, 2025
Убакыт: 16:30
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.075
1.105

Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу токтойт

21.06.2023 15:06
807
Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу токтойт


Эртең, 22-июнда борбор калаанын айрым аймактарында муздак суу болбойт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасы билдирди.


Анын айтымында, өчүрүүгө ВДНХдагы суу өткөргүчтөрдү оңдоо иштери себеп болууда.


Саат 9.00дөн 00.00гө чейин “Киргизия-1” конушунун, Кырман, Кожомкул көчөлөрүнүн Абдрахмановго чейин, Чыңгыз Айтматов проспектисинин батыш тарабы менен Манас айылынын Кожомкул көчөсүнө чейин чектеш аймактарда таза суу берүү токтотулат.


“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн