Баш оона 07, 2025
Убакыт: 01:11
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.087
1.110

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

22.08.2022 13:30
549
Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Эртең, 23-августта саат 10:00дөн саат 21:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, сууну берүү Анкара көчөсү менен Виноградная көчөсүнүн кесилишиндеги диаметри 200мм бекиткич-жөнгө салуучу арматураны орнотууга байланыштуу убактылуу токтотулат.


Ичүүчү суу өчүрүлө турган район: Кара-Жыгач турак жай конушу, Валиханов көчөсү, 1 дарегиндеги жатакана, Анкара көчөсүндөгү «Ихлас» курулуш компаниясынын жаңы үйлөрү, №93 кесиптик лицейи.


Борбордун мэриясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекеме-уюмдарды өз убагында ичүүчү сууну белендеп алууну суранат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн