Кулжа 29, 2025
Убакыт: 07:16
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.105
1.135

Эртең Бишкектин эки районунда муздак суу убактылуу өчүрүлөт

01.11.2023 15:33
426
Эртең Бишкектин эки районунда муздак суу убактылуу өчүрүлөт


Эртең, 2-ноябрда Бишкектин эки районунда муздак суу болбойт. Бул тууралуу «Бишкексууканалдан» билдиришти.


Өчүрүүнүн себеби, “Ак-Босого-1” жана “Ак-Босого-2” суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштери болгон.


Суу берүү саат 10.00дөн 17.00гө чейин Ак-Босого конушунда жана Профсоюзная, Мессароша, Лумумба көчөлөрү жана ЧЧК менен чектешкен аймактарда (анын ичинде Лумумба 139 дарегиндеги насостук станцияны кошкондо) саат 10.00дөн 13.00гө чейин токтотулат.


“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн