Кулжа 29, 2025
Убакыт: 12:53
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Эртеңки күнгө күтүлгөн аба ырайы

28.03.2020 20:00
1522
Эртеңки күнгө күтүлгөн аба ырайы


Эртең, 29-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, деп билдирди Кыргызгидромет агенттиги.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Таласта түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;

Баткенде түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6 градус болуусу күтүлүүдө.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн