Бугу 01, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Эскертүү! Боом капчыгайында атайылап таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

18.04.2024 14:17
214
Эскертүү! Боом капчыгайында атайылап таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт


Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайында, темир жолдун 3901-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таш түшүрүү иштери 22-апрелден 26-апрелге чейин күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин уланат.

Таш кулатуу иштери жүрүп жаткан учурда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылып турат.

Буга байланыштуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы айдоочуларды сапарга чыгарды жол жүрүүнү алдын ала пландап алууга чакырыт.

"Иш-чара Бишкек — Нарын — Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн