Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ферганада Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери жолукту

07.05.2024 16:59
346
Ферганада Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери жолукту


Фергана шаарында 6-майда КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жана Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовдун жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын атайын кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 6-майда Фергана шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ачык жана конфиденциалдуу түрдө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу көйгөйлөрүнүн бардык комплексин кеңири талкуулашты. Терроризмге, экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, мыйзамсыз миграцияга, контрабандага жана транс чек аралык мүнөздөгү башка коркунучтарга каршы күрөшүү сыяктуу актуалдуу чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Мындан тышкары, тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы чек ара кызматташтыгы жана коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери козголду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоого байланышкан күн тартибиндеги маселелер, ошондой эле Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы чек араны демаркациялоо маселелери конструктивдүү түрдө каралды.

Жолугушуунун катышуучулары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процесстерин тездетүү боюнча макулдашууларга жетишип, тараптардын өз ара кызыкчылыктарынын негизинде бул маселелерди чечүү боюнча практикалык чаралар белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын мүчөлөрүнө чек аранын калган участокторун макулдашуу, тиешелүү эки тараптуу келишимди даярдоо жана кол коюу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн