Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматкери пара менен кармалды

29.04.2024 16:35
295
Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматкери пара менен кармалды


Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК каржы системасын демантаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Мамфинкөзөмөл кызматкери Ш.Э.Ш. тарабынан КР жараны А.у.Н.дан опузалап акча талап кылуу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, А.у.Н аттуу жаран автосалондун аянтынын бир бөлүгүн ижарага алып, ал жерде ар кандай үлгүдөгү автоунааларды сатканы аныкталган. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн илгерилетүү жана жарнамалоо максатында унаа лотереясын уюштурган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында аталган автосалонго Мамфинкөзөмөлдүн кызматкери Ш.Э.Ш. келип, өзүн көзөмөл органынын кызматкеримин деп тааныштырып, алардын иш-аракети мыйзамсыз экенин, мындан ары кылмыш ишин козгоо менен текшерүүнү уюштурушу мүмкүндүгүн айтып, моралдык-психологиялык кысым көрсөткөн. Антыктан, бул маселени оң жагына чечүү үчүн 2 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Финансылык көзөмөл кызматынын кызматкери Ш.Э.Ш. өз иш бөлмөсүндө 53 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды, аталган кызматкер арыз ээсин борбордогу соода борборлорунун бирине келип, банкомат аркылуу сумманы өзүнүн жеке эсебине которууга мажбур кылган.

Учурда жогорудагы кызмат адамы тарабынан жасалышы мүмкүн болгон башка коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча тиешелүү тергөө – оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн