Теке 20, 2025
Убакыт: 21:52
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.110
1.135

Футбол: Кыргызстан Мьянма менен 30-мартта ойнойт

13.01.2021 10:04
1035
Футбол: Кыргызстан Мьянма менен 30-мартта ойнойт

Футбол боюнча 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарында Кыргызстан 30-мартта Мьянманын Мандалай шаарында Мьянма улуттук курамасы менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.


Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да «Mandalar Thir» стадионунда өтөт.  Кыргызстан улуттук курамасынын коронавирус пандемиясынан кийинки алгачкы расмий беттеши болмокчу.


Кыргызстан  Дүйнө чемпиондугуна тандап алууда «F» тайпасында жайгашкан. 5 турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы 7 упай менен Япониядан кийинки 2-орунда келе жатат. Эми алар Мьянма жана Япония менен конокто, Монголия менен өз үйүндө оюн өткөрөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн