Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:05
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Футбол боюнча Кыргызстандын аялдар курама командасы CAFA U-20 турниринде байгелүү орунду ээледи

18.06.2021 13:40
1565
Футбол боюнча Кыргызстандын аялдар курама командасы CAFA U-20 турниринде байгелүү орунду ээледи


9-июндан 18-июнга чейин Душанбе шаарында (Тажикстан) өткөн CAFA Women’s Championship эл аралык чемпионатында Кыргызстандын 20 жашка чейинки аялдар улуттук курама командасы үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Борбор Азиянын Футбол Ассоциациясы Инстаграмда билдирди.


Биринчи орун Өзбекстандын командасына, экинчи орун Иранга таандык болду. Дал ушул командаларга кыргызстандык команда жеңилип калган болчу. Калган эки жолугушууда Тажикстан менен Афганистандын үстүнөн жеңишке ээ болушкан.


Афганистандын курама командасы атайын сыйлык менен сыйланып, Тажикстандын командасы калыс оюну менен айырмаланды. Турнирдин мыкты бомбардири болуп жети гол киргизген Жасмина Абдуганиева (Өзбекстан), Негин Занди (Иран) мыкты оюнчу деп табылды.


Эске салсак, жалпысынан CAFA-2021 турнирине беш өлкө катышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн