Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Гавайиде чыккан өрттөн каза болгондордун саны 53кө жетти (видео)

11.08.2023 11:23
1831
Гавайиде чыккан өрттөн каза болгондордун саны 53кө жетти (видео)


Гавайидеги Мауи аралында чыккан токой өрттөрү 53 адамдын өмүрүн алганын аралдын расмий өкүлдөрү билдирди.


Кыйроонун көбү Мауинин түндүгүндөгү Лахайна шаарында.


Аралда үч күндөн бери жалын токтобой жатат. Губернатор Джош Грин CNN телеканалына куткаруучулар жүздөгөн күйүп кеткен имараттарды аралап өтүп баратканда каза болгондордун саны мурунку 36дан "олуттуу" көбөйөрүн айтты. Ал белгилегендей, ушунча адам каза боло турган мындай кырсыктар көп жылдардан бери болгон эмес. Анын айтымында, 1700дөн ашык үй кыйрап калган.


Аралдын администрациясы Лахайнадагы өрт 80% локалдашканын билдирди. Өрттү өчүрүү иштери жүрүп жаткан маалда шаарга кирүү чектелип, андан тышкары шаардагы электр энергиясы өчүрүлгөн. Түн ичинде 1050 адам аскердик музейге жана коомдук борборго отурукташкан, дагы 300 тургун Мауидеги Королдук собордо жана христиан чиркөөсүндө ачылган авариялык эвакуациялоо жайларында калышкан.


Белгилей кетсек, өрт 8-августта башталган. Жалын имараттарды каптап, катуу шамалдын таасири менен башка үйлөргө тарай баштаган. Айрым жергиликтүү тургундар өрттөн качуу үчүн өздөрүн океанга ыргытууга аргасыз болушкан. Көчөлөрдү түтүн ушунчалык каптагандыктан, тургундар унаалары менен шаардан чыгып кете башташкан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн