Бугу 17, 2024
Убакыт: 22:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Грузияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

31.10.2020 16:40
608
Грузияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Бүгүн, 31-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 48 партия жана эки блок катышууда.

Шайлоочулар 150 депутатты, 120сын пропорционалдык системада, 30ун мажоритардык системада шайлашы керек.

Шайлоодо 1% добуш алган партиялардын бардыгынын өкүлдөрү парламентте орун алышат.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өзү добуш берип чыккандан кийин, башка жарандарды да шайлоого активдүү катышууга чакырды. Ал өлкөдө шайлоо эпидемиологиялык жактан коопсуз жана тынчтыкта өтөрүнө ишендирди.

Шайлоого байланыштуу Грузияда жалпы 3 657 добушкана уюштурулган, 11 шайлоо тилкеси ар кандай учурлар үчүн кошумча ачылган. 127 тилке коронавируска кабылгандар үчүн ачылды. Мындан сырткары 38 өлкөдө 52 добушкана бар.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, жалпы 3 526 023 шайлоочу катталган. Бирок  учурда шайлоочулардын жарымынан аз бөлүгү гана добуш бергени айтылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн