Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Аялуу катмардын өкүлдөрү автомектептен акысыз окуса...”

12.02.2024 10:01
1187
Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Аялуу катмардын өкүлдөрү автомектептен акысыз окуса...”

- Гүлшаркан Оконовна, комитет мүчөлөрү "Унаа" мамлекеттик ишканасына барып келген экенсиздер. Ал жерде кандай маселелер талкууланды?


- Азыр автомектептердин баары акы төлөп окутулуп атпайбы. Аны бүткөндөн кийин "Унаага" барып экзамен тапшырса, ага да акы төлөшөт. Алардын арасында аялуу катмардын өкүлдөрү, мамлекеттик жөлөк пул алгандар бар. Ошолорго автомектептерден бекер окуганга мүмкүнчүлүк бериш керек (!) деген сунушумду айттым. Экзамен тапшырганда "кулап" калса, экинчи жолу тапшырыш үчүн кайра эле акча төлөш керек. Үч жолу тапшырганга мүмкүнчүлүк бериш керек да. Бир жылда 200 миңден ашык адам тапшырса, теориядан анын жетимиш миңи эле өтүптүр. Ал эми практикадан ал жетимиш миңдин да жарымы "кулаган". Бул эч кандай логикага да туура келбейт. “5ке” окуган киши деле компьютерден жаңылыштык кетсе, өтпөй калышы мүмкүн да. Ошондой жагдайларды да эске алыш керек. 


Негизи "Унаа" мамлекеттик ишканасы былтыр ИИМдин карамагына өткөн болчу. Эми сентябрь айынан тарта өзүнчө агенттик болгону жатыптыр. Колдон колго өтүп эле анын натыйжасында айдоочулук укук алчу жарандар кыйналууда. Программалар санариптештирүүгө өткөнү менен ошол эле мезгилде алдамчылык да көбөйүүдө. Кечээ жакында эле өзүңүздөр көрдүңүздөр, 600гө жакын машинаны каттап коюшкан. “Эмне үчүн мындай болду?” деген суроого “документтерди жасашкан” дейт. Санариптешкенде кандайча жасалышы мүмкүн? Демек, программалар эскирген. Санариптештирүүнү, ар кандай программаларды өнүктүрүү боюнча канчалаган каржылык жардамдар келүүдө. Алардын негизинде программаларды жаңыртып түзүү зарыл. Негизи, көйгөйлөр абдан көп. 


- Жасалма айдоочулук күбөлүктөр көйгөйүн да талкууласаңыздар керек?


- Алар боюнча да айттык. Анүчүн бизде санариптештирүү жакшы болууга тийиш. Программаларды жакшыртуунун үстүндө иштеп, кандайдыр бир алдамчылар бүтүндөй бир мамлекетти алдап коюусуна жол бербөө керек.  

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн