Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:03
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Жөнөкөй кийимдин, сакалдын айынан жарандар бөлүнүп калышы мүмкүн”

22.11.2023 10:43
683
Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Жөнөкөй кийимдин, сакалдын айынан жарандар бөлүнүп калышы мүмкүн”


- Гүлшаркан Оконовна, Мажитова сунуштаган долбоорго сиздин көз карашыңыз кандай?


- Негизи, өзүбүздүн каада-салтыбызга, канча жылдардан бери сакталып келаткан маданиятыбызга жараша мен да паранжы жамынганга каршымын. Биздин апаларыбыз, эжелерибиз паранжаны чечип, жүзүн ачыш үчүн канча кылым күрөшүп келишкен да. Андыктан, мен мыйзамдын концепциясын колдойм. Бирок, ал жерде дагы иштеп чыга турган жерлер бар. Ал дароо эле кабыл алынбайт да, коомдук талкууга коюлат, парламенттик угуулар өтөт. Ошодон кийин коомчулуктун пикирин эске алып, кабыл алынат. 


- Башка актуалдуу көп көйгөйлөр турганда бул демилге канчалык зарыл деп ойлойсуз?


- Туура, актуалдуу маселелер абдан көп. Бирок, экономика социалдык маселелер деп бир жакка буруп туруп, биздин каада-салтыбыз көңүл бурулбай, артта калып калбашы керек да. Улуттук баалуулуктар, үрп-адат сакталышы зарыл. Капкара болуп жамынып алгандар араб өлкөлөрүндө деле азайып баратпайбы. Караңгылыктын эмне кереги бар? Тескерисинче, караңгылыктан чыгыш керек да! Жөнөкөй кийимдин, сакалдын, тырмактын аркасынан жарандар бөлүнүп калышы мүмкүн. Барып-барып, адамдар бири-бирине душман болуп калышы ыктымал. Ошондуктан, биз ошондойлордун алдын алууга тийишпиз. Коомго чоң таасири бар маселе бул. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн