Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМ: Абактагылардан ири суммадагы акча талап кылган жаран кармалды

25.01.2024 16:18
214
ИИМ: Абактагылардан ири суммадагы акча талап кылган жаран кармалды


ИИМдин КИББдин 3-башкармалыгынын кызматкерлери Юстиция министрлигине караштуу ЖАК кызматкерлери  менен биргеликте абактагылардан ири суммадагы акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын жаз айларында "общаковский" деп өзүн тааныштырып, алдамчылык боюнча айыпталып, Юстиция министрлиги алдындагы 21-абактагы мекеменин камераларынын биринде кармалган А.Н. аттуу жаран коркутуу жолу менен абактагылардан 200 миң сом акча каражатын опузалап алгандыгы аныкталган.

Эки ай бою абактагылар өз коопсуздугу үчүн коркуп, опуза талап кылган учурда бардык талаптарды аткарып, жогорудагы сумманы электрондук капчыкка которгон. Кийинчерээк аны кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү  коркутуп, алдоо жана опузалап акча талап кылуу күчөп баштаганда, соттолуучу адам укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болгон.

Топтолгон материалдардын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси "опузалап талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголгон. Андан тышкары КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси "алдамчылык" боюнча козголгон дагы бир кылмыш иши бар.

Алдамчылык менен айыпталган А.Н. аттуу жаран өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин улантып, башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында башка афераны баштаганы белгилүү болгон. Өзүнүн кызматтагы адамдар менен байланыштарын айтып, ошол эле камактагыларга баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү кызматын сунуштап баштаган. Ал өзүнүн кызматы үчүн баасы 600 000 сомдон ашкан "Toyota camry" үлгүсүндөгү  автоунааны сураган. Анын сөзүнө ишенип, камералашы ага аталган унаасын берип жиберген.

2023-жылдын май айында Бишкектен соттолуучу адамдын туугандары унааны белгиленген жерге айдап барып, күткөн адамдарга  тапшырып беришкен. Бирок, андан кийин дагы  баш коргоо чарасы өзгөргөн эмес. Ошондо гана соттолуучу адам аны  пайдаланып кеткендигин түшүнгөн.

Жогоруда аталган кылмыш иштеринин алкагында ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББдин кызматкерлери тарабынан аткарылган  ыкчам аракеттердин натыйжасында жогоруда аталган А. Н. (ал убакта боштондукка чыккан) Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу тергөө башкармалыгына алынып келинген. 2023-жылы декабрда ага алдамчылык боюнча жана ошондой эле  2024-жылдын январь айында опузалоо боюнча айып тагылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн