Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМ: Айдоочулук күбөлүктү саткандар да, сатып алгандар да жазаланат

14.02.2024 13:39
144
ИИМ: Айдоочулук күбөлүктү саткандар да, сатып алгандар да жазаланат


Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүктү интернеттен сатып алуу мыйзам боюнча жазаланарын эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, социалдык түйүндөрдө айдоочулук күбөлүк, тез жана арзан, белгилүү бир акча каражатын төлөй салсаңыз жазап беребиз деген жарнамалар кездешүүдө.

Белгиленгендей, жасалмаларды табуу ыкмалары ар кандай болот: кызматкерлер жумуш алып барып жатканда жасалманын белгилерин визуалдуу түрдө аныкташат, берилген күбөлүктөрдүн маалымат базасы боюнча текшерүүдө жасалмалуулуктун белгилерин көрүп калышат.

Мындан тышкары, жасалма күбөлүктү сатып алуу кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган иш экендигин түшүнгөн жарандар телефон аркылуу: белгилүү бир күбөлүктүн маалымат базасында бар же жогун билүүгө аракет кылышат.

Жасалма "айдоочулук күбөлүктү" сатып алуучулар жасалма документтерди сатып алуу менен алардын көйгөйлөрү чечилди деп ишенишет. Бирок, жасалманы оңой эле аныктоого болот.

Биринчиден, мындай документтер "Унаа" мамлекеттик мекемесинин базасында катталбайт жана "Түндүк" тиркемесинен чыкпайт, демек, алардын "аныктыгы" биринчи текшерүүдө эле билинет. Экинчиден, түпнуска документтерде жасалмада жок болгон коргоо белгилери бар.

"Жасалма күбөлүктөр" бланктары даярдалган чыныгы серияга ээ болсо да, натыйжа өзгөрбөйт - эртеби-кечпи жасалма документтер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан аныкталат.

Жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоо кызматтарына кайрылаардан мурун, сизде учурдагы көйгөйлөрдү чечкенге караганда, көптөгөн жаңы көйгөйлөрдү жаратып калуу коркунучу бар деп ойлоңуз.

ИИМ укуктарды берген расмий документти жасалмалоо, анын анык мазмунун бурмалаган расмий документке атайылап жалган маалыматтарды же оңдоолорду киргизүү, аны даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан пайдалануу, мындай документти сатуу, ошондой эле жасалма мөөрлөрдү же мамлекеттик сыйлыктарды даярдоо КР Кылмыш-жаза кодексинин "Документтердин жасалмасын жасоо" беренесине ылайык, 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланарын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн