Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМ: Окуучу кызды сүзүп кеткен Балыкчы ШИИБ башчысы кармалды

27.01.2024 15:49
253
ИИМ: Окуучу кызды сүзүп кеткен Балыкчы ШИИБ башчысы кармалды


Окуучу кызды сүзүп кеткен Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуяга шектүү ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилген.

Тергөө амалдарын жүргүзүү максатында ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилет.

Белгилей кетсек, 26-январда Балыкчы ШИИБнин кызматтык унаасында бара жаткан Осмонбаев 12 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Кыздын учурдагы абалы туруктуу оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн