Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМ: Ошто 100 000 сом талап кылган кылмыштуу топ кармалды

11.03.2024 13:52
326
ИИМ: Ошто 100 000 сом талап кылган кылмыштуу топ кармалды


Ош шаарында коркутуп опузалоо менен алектенген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын март айынын башында белгисиз адамдар Кара-Суу районунун жашоочусуна телефон чалып, жубайы менен кат жазышкан деген жалган шылтоо менен физикалык зомбулук менен коркутуп, 100 000 сом өлчөмүндө акча талап кыла башташкан.

Коркутуулар адам чыдагыс болуп калганда жаран милицияга кайрылган. Топтолгон материалдардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен "опузалап талап кылуу"  кылмыш иши козголду.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КИББнын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү. Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө опузалоочулар азырынча талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алууга макул болгону аныкталды.

Акча которуу Ош шаарынын аймагында жүргүзүлүп, талап кылынган сумманын бөлүгүн алган учурда опузалап талап кылууга шектелген адамдардын тобу кармалган.

Кармалгандардын арасында 1999-жылы туулган М.Р., 1998-жылы туулган Ж.А., 1997-жылы туулган А.А. жана 1996-жылы туулган Ж.Ш. болуп, алардын баары Ноокат районунун тургундары экендиги аныкталган. Кармалган 1999-жылы туулган М.Р. буга чейин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган, андан тышкары башка мамлекеттин аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Учурда жогорудагы жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн