Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:23
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМ: Россиядан кароосуз калган 5 өспүрүм мекенине кайтарылды

06.02.2024 11:01
204
ИИМ: Россиядан кароосуз калган 5 өспүрүм мекенине кайтарылды


Россиядан Кыргызстанга кароосуз калган жашы жете элек беш бала алып келингенин ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, булардын ичинен төртөө эркек бала болсо, бирөө кыз. Алар — 16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр.


"Алдын ала маалымат боюнча, балдар Россияда туугандары менен жашап жатышкан. Өспүрүмдөр Москвада ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосу жок калгандыктан Россия ИИМинин Москвадагы башкармалыгынын өспүрүмдөрдү убактылуу кармоочу жайында болушкан. Балдарды учак менен мекенине кайтаруу иштерин ушул мекеме аткарды", — деп айтылат маалыматта.


Өспүрүмдөрдү "Манас" аэропортунан ИИМдин кызматкелери тосуп алган. Алдын алуу жана тарбиялоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин балдар жакын туугандарына өткөрүп берилери кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн