Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМ: Жаңы шартта кызмат өтөгөн аймактык ыйгарым укуктуу тескөөчү Рахманкул Омурзаков

15.03.2024 15:11
161
ИИМ: Жаңы шартта кызмат өтөгөн аймактык ыйгарым укуктуу тескөөчү Рахманкул Омурзаков


Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарыннын кызмат өтөөсүнүн шарттарын жакшыртуунун алкагында 2023-жылдын 28-декабрында Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагында милициянын жаңы таяныч пункту ачылган.


ИИМдин маалыматына ылайык, имараттын курулушу 2023-жылдын августунда башталып, ички иштер министрлиги тарабынан каржыланган. Таяныч пункту төрт бөлмөдөн турат, анын ичинен бирөөсү иш бөлмө болуп, калганы жашоо шартка пайдаланууга ырасталган. Таза суу киргизилип, жылытуу шарттары жана башка шарттары каралган.


Бул аймак район борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашып, тоолуу айылдардын катарын толуктайт. Жаңы ачылган милициянын таяныч пункту 7 айылды тейлейт. 


Жаңы имараттын курулушу менен кызматкерлерге заманбап шарттар түзүлүп, азыркы учурда 2 кызматкер кызмат өтөп келет. Салам-Алик айыл өкмөтүнө жалпысынан 7 айыл камтып, жалпы саны 8507 калкты түзөт.


Каарманыбыз Рахманкул Омурзаков аталган милициянын таяныч пунктунда милициянын аймактык ыйгарым укуктуу тескөөчүсү кызмат өтөп келет. Рахманкул мырза келинчеги жана үч баласы менен таяныч пункттун ичинде жашап келет, анда кызматкердин үй-бүлөсү менен жашаганга ыңгайлаштырылып, жашоого зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн. 


Анын айтымында, 2024-жылдын башына тартып 7 гана материал катталган, анын ичинен 1 мыйзамсыз жер ээлөө, 3 денеге жараат келтирүү, 1 жол кырсыгы, 1 майда бейбаштык жана 1 алдамчылык катталган. Милициянын таяныч пункту райондун борборунан 35 км алыстыкта жайгашып, ал эми тейлеген акыркы айыл райондун борборунан 50 км алыстыкта жайгашкан. Коомдук тартипти бузуу жокко эсе. Анткени аймакты тескөөчү Рахманкул Омурзаков өзү тейлеген аймакта коомдук тартипти сактоо максатында күнү-түнү жергиликтүү тургундар менен алдын алуу иштерин жүргүзүп, тартипти бузуу жоопкерчилик менен карала тургандыгын, кылмыш жазоодон алыс болууну, айрыкча жаштар арасында агартуучулук вазийпасын аткарып,  мыйзамдын талаптарын айтып тартип бузуудан алыс болуп таза жана адилет иштөөгө чакырып, жергиликтүү эл арасында дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн