Кулжа 26, 2025
Убакыт: 02:36
USD
87.20
87.70
EUR
101.00
102.00
RUB
1.108
1.135

ИИМ алты жылдан бери издеген жаранды УКМК кармады

25.11.2023 16:19
435
ИИМ алты жылдан бери издеген жаранды УКМК кармады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен Ички иштер министрлиги бир нече жылдан бери издеп жаткан кыргызстандыктын кармалганын билдиришти.


14-ноябрда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген шек менен каракчылыкка катышкандыгы үчүн 2017-жылдан бери изделип жаткан Ч.А.Т. аттуу киши колго түшкөн.


“Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында Ч.А.Т. ушул жылдын жайында адамдар менен сүйлөшүп алып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп Кыргызстанга кирген. Андан соң контрабандалык жол аркылуу күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенген”, — деп айтылат маалыматта.


Учурда кылмышка кошо катышкандар изделип жатканы айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн