Бугу 15, 2024
Убакыт: 12:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Министр К.Жунушалиев Чүй облусунда шайлоого карата даярдык менен таанышты

11.09.2020 09:44
1047
Министр К.Жунушалиев Чүй облусунда шайлоого карата даярдык менен таанышты


Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев 10-сентябрь күнү Чүй облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, министр Чүй облусунун ИИББнын жыйындар залында борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары, Чүй ОИИББнын ардагерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. 


Жыйында 4-октябрь күнү өтүүчү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо,  ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдык иштери боюнча кабар алды. Ошону менен бирге мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча кызматкерлердин даярдыктарын сурап, ар бир кызматкер  шайлоо мыйзамдарына байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолорду билүүлөрү шарт экенин эскертип, жетекчилер тарабынан окутууларды өткөрүү талаптарын койду. 


Иш сапары учурунда министр Кашкар Жунушалиев Чүй ОИИББнин имаратында жайгашкан ИИМдин “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун иштеринен кабар алды. Андан кийин Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондору, ошондой эле Токмок шаарынын ички иштер бөлүмдөрүндө болуп, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттары жана оңдоп-түзөө жумуштары менен таанышып, милиция бөлүмдөрүнүн өздүк курамдары менен жолугуп, кызматкерлердин ички тартибин бекемдөө, кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле жарандарга сылык мамиле жасоо зарылдыгын эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн