Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

ИИМ кызматкерлерине кошумча төлөмдөр Каржы министрлигинде каралууда

15.06.2020 09:31
1297
ИИМ кызматкерлерине кошумча төлөмдөр Каржы министрлигинде каралууда


“Өзгөчө абал” учурунда кызмат өтөгөн ИИМ кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, ички иштер органдарынын “Өзгөчө абал” учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлеринин жана ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскерлеринин иштөө убактысын эсепке алуу табели толтурулуп, коменданттар тарабынан бекитилип кошумча акча каражатын бөлүп берүү тууралуу толук маалымат Каржы министрлигине жөнөтүлгөн.


Жакын арада ички иштер органдарынын “Өзгөчө абал” учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнүп берилери айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн