Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМ: "Temirov Live" массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголду

16.01.2024 11:27
167
ИИМ: "Temirov Live" массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголду


Милиция  кызматкерлери тарабынан интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда, "Айт Айт Десе" жана "Temirov Live" аталышындагы социалдык баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маалымат боюнча иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.

2024-жылдын 12-январында эскспертизанын корутундусуна ылайык, "Айт Айт Десе", "Temirov Live" аттуу баракчаларга тиешелүү материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.

Аталган экспертизанын жыйынтыгы  менен ИИМдин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 278–беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү менен ( Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш ишин козгоп тиешелүү тергөө  амалдарын жүргүзүүдө. Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча даректер боюнча бир катар ыкчам тергөө иликтөө иш чараларын улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн