Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 28 автоунаа тапшырылды.

29.01.2024 11:16
425
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 28 автоунаа тапшырылды.


Бүгүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 28 автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков өздүк курамы менен катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, “Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин бизге койгон тапшырмасынын негизинде өлкөнүн материалдык-техникалык базасы жаңыланып, бардык тармактарга автоунаалар берилип жатат. Мен Сиздерге 3-январда келгем, бир айда эки жолу машине тапшырып жатам. Бүгүн Ички иштер министрликтин Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 28 автоунаа тапшырылат.


Сөзүмдүн алдында жалпы коомчулукка кайрылгым келет. Барган сайын актуалдуу болуп бараткан, адамдын акыл-эсин алган баңги затка каршы күрөшүү бир гана укук коргоо органдарынын жумушу эмес, ага каршы баарыбыз тикебизден тик турушубуз керек. Баңги заттын бардык түрү жеке адамга да, бүтүндөй коомго да зыяны, кесепети, залакасы айтып бүткүс чоң: үй-бүлөлөр сыздап, өмүрдү алат, элдин коопсуздугуна коркунуч жаратат. 


Ошондуктан урматтуу жарандар, ар бириңерди баңги затка каршы күрөшкө активдүү катышууга, дени сак жана коопсуз чөйрөнү өнүктүрүүгө чакырабыз. Ал үчүн, мектептеги мугалимдерден тартып, бүт коом баңги заттын зыяны жөнүндө билимди коомчулукка жайылтуусу зарыл, бул күчтүү курал. Балдарга, жаштарга баңги заттын зыянын айтып, алардын бул коркунучтуу көз карандылыкка кабылышынан сактайлы. Ал эми баңги затты жайылтып жүргөн, адамдын убал-сообунан коркпогон шектүү аракеттерди укук коргоо органдарына кабарлаңыздар. Баңги эпидемиясына каршы биргелешип, биз келечекти өзгөртө алабыз жана позитивдүү, баңги затсыз чөйрөнү түзө алабыз.


Бүгүнкү иш-чара – бул биздин башкы стратегиялык өнөктөшүбүз Россия мамлекетинин кезектеги жардамы. Бул жакшы иштин аркасы менен баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин потенциалы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт. Урматтуу президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин атынан, КР Министрлер Кабинетинин атынан Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкого ыраазычылык билдиргим келет.


Тилекке каршы, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү маселеси көптөн бери бир мамлекеттин чегинен чыгып, дүйнөдө бир дагы өлкө бул көйгөйдү жалгыз чече албайт. Бул коркунуч менен күрөшүү биз үчүн эки эсе кыйын, анткени биздин мамлекеттин географиялык жайгашуусу боюнча Ооганстандан агып чыккан эл аралык баңги трафиктин жолунда.


Кырдаалды курчуткан жагдай бул, синтетикалык баңги заттардын көбөйүшү жана баңги лабораторияларынын өсүшү, ошону менен бирге маалыматтык технологиялардын, анын ичинде интернеттин, криптовалюталардын, баңги заттарды жайылтууда жана баңги заттарын адалдоодо колдонулушу болуцп жатат. Ошол себеп менен жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү үчүн донор-мамлекеттер жана профилдик эл аралык уюмдар менен кызматташууну улантуу биз үчүн абдан маанилүү.


Республикабыздагы туруктуулукту чыңдоо үчүн, Улан Омоканович башында турган ички иштер министрлигинин алдына коюлган милдеттерди өз убагында чечүү максатында, азыркы коркунучтарга каршы туруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ар дайым чараларды көрүү зарыл. Россиянын колдоосунун уникалдуулугу, азыр иштеп жаткан Программа БМЖКККга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү караштырат, бул:


- материалдык-техникалык базаны чыңдоо,

- кадрлардын потенциалын жогорулатуу,

- иш-сапардык жана ыкчам иш-чаралар чыгымдарын төлөө,

- кызматкерлерге кошумча материалдык колдоо.


2011-жылдан азыркы учурга чейин ишке ашырылып жаткан, 26 млн. АКШ доллардан ашык бюджети бар Россиянын өлкөбүзгө жардам берүү программалары Баңгизатка каршы күрөшкө зор салым кошконун баса белгилеп кетким келет. 2020-2022-жылдар аралыгында эле Россиядан 5 млн. доллардан ашык жардам көрсөтүлгөн. 


Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККсы 600 миллион рублдан ашык бюджети бар Россиянын жаңы программасынан унаа каражаттарынын кезектеги партиясын алат. Бүгүн 28 автомашина тапшырып жатып, биздин эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен баңгизаттарга каршы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сиздердин ишиңиздерди канааттануу менен белгилегим келет.


Азыркы учурда Россия Федерациясынын каржылоосу менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) бюджети 1 млн.800 миң доллар менен Баңгизаттар менен күрөшүүдө жаңы технологияларды киргизүү боюнча долбоору ишке ашырылууда. Анын аркасында Кыргызстан баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы турууда учкучсуз учуучу аппараттарды ийгиликтүү колдонгон аймактагы биринчи өлкөлөрдүн бири болуп калды. Бул долбоорду ишке ашыруу учурунда биз Россиянын, Беларуссиянын профилдик түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүдө жана кызматташтыкта учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча бир топ бай тажрыйба топтой алдык.


2021-жылы Ысык-Көлдө биринчи жолу укук коргоо ишмердигинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жана тажрыйба алмашуу боюнча кыргыз-орус машыгуулары өткөрүлдү.  


Россия жана Япония өкмөттөрү каржылаган БУУ БКБнын долбоорунун алкагында 2022-жылдын март айында бизге 10 кызматтык издөө иттери берилген (алардын жардамы менен 97 баңги кылмышы аныкталган, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 223 кг баңги каражаты алынган).  


2022-жылы БУУ БКБнын Кыргызстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатындагы аракеттерин колдоо боюнча дагы бир долбоорун ишке ашыруу ийгиликтүү аяктап, анын бюджетине Япония Өкмөтү тарабынан 2 млн.750 миң доллар бөлүнгөн.


Бул долбоордун алкагында биз стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу жолу менен натыйжалуу баңги саясатын түзө алдык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңгизаттарга каршы программасы, баңгизаттар жөнүндө профилдик Мыйзам, ошондой эле: кадрларды окутуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана эл аралык кызматташтыкты өркүндөтүү. 


Мындан тышкары, ЕККУ жана Европа Биримдиги менен кызматташуу багыты боюнча баңги заттын алдын алуу боюнча кеңири масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө, КАДАП -7 программасын ишке ашыруунун алкагында үстүбүздөгү жылы жаштар арасында Баңгизаттарды колдонуунун алдын алууда таптакыр жаңы инструменттерди жана ыкмаларды берүүгө багытталган  биринчи жолу Борбор Азияда – Бишкек шаарындагы Баңгизаттын алдын алуу боюнча борбордун ачылышы күтүлүүдө. 


2024-жылдын март айында Катар мамлекетинин колдоосу менен бюджети 1 миллион долларды түзгөн БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын кезектеги долбоорун ишке киргизүү мерчемделүүдө.


Бул каржылык колдоо төмөнкүлөргө багытталат: - улуттук мыйзамдык базаны, баңги заттарды контролдоо боюнча улуттук стратегияларды жана механизмдерди өркүндөтүү, жаңы синтетикалык баңги каражаттарынын жана психоактивдүү заттардын пайда болушу үчүн улуттук эскертүү системасын түзүүгө, ошондой эле БМЖКККнын кинология кызматынын потенциалын чыңдоого багытталган. Биз бардык мамлекеттик органдардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин практикалык материалдык-техникалык базасын жаңылоого жетиштик. Биздин өлкө туруктуулук, бакубатчылык жана тынчтык үчүн аймактык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө бекем ишенет.


Министрлер Кабинетинин башчысы республиканын акыркы жылдардагы өнүгүүсүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө да токтолду.


«2023-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДПсы) 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомдон ашты, өсүү темпи 6,2%ды түздү. 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомду түздү, башкача айтканда 2,5 жылда эки эседен ашык өстү. 


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров бардык өнөктөш мамлекеттерге, атап айтканда, Россия Федерациясына жана эл аралык уюмдарга Баңгизаттарды жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндө колдоосу жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.


Өсүп келе жаткан муундарыбыздын жыргалчылыгы үчүн, баарыбыз баңгизатка каршы күрөшүшүбүз керек”,- деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн