Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМдин Күзөт кызматы турнирден уткан байгесине балдар борборуна жардам көрсөттү

28.02.2024 13:42
146
ИИМдин Күзөт кызматы турнирден уткан байгесине балдар борборуна жардам көрсөттү


ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлнри турнирден уткан байгесине балдар борборуна кайрымдуулук жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.


Маалыматка ылайык, Күзөт кызматынын түзүлгөндүгүнүн 58 жылдыгына карата Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүндө кичи футбол боюнча турнир өткөрүлүп, жеңүүчү курама командасынын өздүк курамы баш байгеси акчалай сыйлыктарын кайрымдуулук жасап, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин “Акниет” турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борбору” муниципалдык мекемесине жардам көрсөтүшкөн. 


“Балдар борборуна атайын торт даярдалып, түшкү тамактануу уюштурулду. Кайрымдуулук көрсөтүүнү милиция кызматкерлери өздөрү демилге көтөрүшкөн”, - деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн