Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМдин Күзөт кызматында 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өттү

16.01.2024 16:24
321
ИИМдин Күзөт кызматында 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өттү


Бүгүн, 16-январда ИИМдин Күзөт кызматында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун
катышуусунда 2023-жылды жыйынтыктоочу ыкчам-кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам кеңешменин ачылышында 2023-жылдын жыйынтыгы менен кесибинин мыктыларын сыйлоо аземи болуп, ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров сыйлыктарды тапшырды.

Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов кеңешменин башталышында тарбия иштеринин оң динамикасын белгилеп,  мындан ары окуп үйрөнүүгө жана күнүмдүк кызматта колдонууга даяр болуусун, ошондой эле кызматтык тартипти сактоосуна басым жасап кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртууну талап кылды. Ошондой эле, ал жарандардын мүлктөрүн ишенимдүү кайтаруу, кайтарууга турган мекеме-чарбалардын санын көбөйтүү боюнча тапшырмаларын койду.

Жарандардын мүлкүн, стратегиялык объектилерди кайтарууда кызматкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлдү. “Ыкчам күзөт” долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы түзүм бөлүмдөрүнүн кармоо топторунун кызматкерлерине бодикамералар, планшеттер берилип, автоунааларына орнотулган GPS-навигациясы видеодубалга чыгарылды. Бул иш-чаралар аймактагы күзөт бөлүмдөрүндө дагы четинен ишке ашырылууда.

Октябрь Урмамбетов ИИМдин Күзөт кызматынын ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалап, ошону менен бирге жылдын жыйынтыгы боюнча алгылыктуу жыйынтыкка жетише албаган бир катар жетекчилерге белгиленген мөөнөттө өз ишин жакшырта албаса, тартиптик жоопкерчиликке тартууну эскертти.

Мындан сырткары, калкка сапаттуу жана өз убагында кызмат көрсөтүү үчүн санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча иштерди улантуу тапшырмасын койду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн