Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМдин Күзөт кызматынын түзүлгөндүгүнүн 58 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү

19.02.2024 10:14
237
ИИМдин Күзөт кызматынын түзүлгөндүгүнүн 58 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү


ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунда Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын 58 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.


Мааоыматка ылайык, иш-чарада Күзөт кызматына салымын кошуп келген өздүк курамга жана ички иштер органдарында көп жылдар бою эмгегин сиңирген, ардактуу эс алууда жүрсө да салымын кошуп келген кесиптештерин төш белгилер, Ардак грамоталар менен сыйлашты.


ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаров Күзөт кызматынын ардактуу ардагерлерине төш белгилерин тагып жатып, алардын эмгеги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. 


“Күзөт кызматында талыкпай кызмат өтөгөн жалпы өздүк курамды бүгүнкү майрам менен куттуктайм. Ар бириңиздерге чың ден-соолук, узун өмүр, бакубат турмуш, иштериңерге ийгиликтерди каалайм!”,- деп куттуктады Оролбек Акпаров. 


Ошондой эле, Күзөт кызматынын ардактуу ардагерлери өздүк курамды майрамы менен куттуктап, өлкөнүн коопсуздугун сактоодо мекенге татыктуу кызмат кылууга чакырды.  


Мындан тышкары ИИМдин Күзөт кызматынын Борбордук аппаратында сыйлоо аземи болуп, анда эмгеги сиңген кызматкерлерге атайын медалдар жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн